• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Соттолгондордун ооруканасы Молдовановкадагы №31 түзөтүү мекемесине которулат

Коом 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Соттолгондордун ооруканасы Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесине которулат. Бул тууралу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда бардык түзөтүү мекемелерин шаардын сыртына көчүрүү иштери жүрүп жатат.

“Буйрук чыккан, жол картасы иштелип чыгып, иш уланып жатат. Учурда №47 мекемесиндегилер Жалал-Абад шаарындагы №10, Молдовановка айылындагы №27 жана Петровка айылындагы №8 мекемесине которулат. Өз кезегинде соттолгондор үчүн оорукана №31 колониянын аймагына курулат, иш башталды”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий