• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Соттолуп чыккан ММА уюмунун мушкери аюу менен күрөшкө түшкөндөгү видеосу

Спорт 0


Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Аралаш уруштун мушкери Максим Новосёлов өзүнүн Instagram баракчасына аюу менен "беттешкен" тасмасын жүктөгөн. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

130 кг салмак чениндеги Новосёлов аюу менен күрөшүп, аны утуп алганын тасмадан көрүүгө болот

"Аюу аюу менен күрөшүүдө. Бул менин чоң атам болчу", - деп мушкер билдирүү калтырган.

1993-жылы россиялык мушкер адамды өлтүрүүгө шектелип, 14 жылга эркинен ажыратылган.

Белгилей кетсек, Максим Новосёлов 12-октябрда Москвада өтө турган Fight Nights Global 94 турниринде Дмитрий Смоляков менен таймашат. Новосёлов 11 беттеш өткөрүп, тогузун жеңсе, экөөсүндө утулуп калган.

Пикир

Оставить комментарий