• 79.5
  • 81.44
  • 1.25

Сотторду ротациялоо – коррупция жана жердешчиликке тоскоолдук

Аналитика 0

Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун жарлыгынан кийин сотторду ротациялоо активдүү жүрүп жатат. Ротация соттордун ачык-айкындуулугуна, адилеттүүлүгүнө жана калыстыгына жетишүүдө натыйжалуу болот деп күтүлүүдө.

“Жарлыктын башкы максаты – кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо”, - деп айтылат президенттин ушул жылдын 30-апрелинде чыккан жарлыгында.

Чындыгында Кыргызстанда сот тутуму эгемендиктин 30 жылыдыгында коомчулуктагы башкы көйгөйлөрдүн бири болуп келген. Ишке коммерциялык мамиле кылуу, соттордун адилетсиз жана көп учурда абсурддуу чечимдери элдин кыжырдануусун жаратты.

Белгилей кетүүчү маанилүү жагдай, өлкөдөгү кыска убакыттын ичинде орун алган үч төңкөрүштө тең элдин негизги талаптарынын бири сот тутумун реформалоо, адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу болгон. Коом соттордун ашкере коррупциялашканына ишарат кылгандан тышкары, соттордун көз карандысыздыгы, биринчи кезекте бийликтин өзүнөн көз карандысыздыгы талабы да бар.

Өлкөдөгү соттук секирик жаңы толкундоолорго алып келүү мүмкүндүгүн эске алып, президент тутумду реформалоо маселесине өзгөчө көңүл буруу менен жаңы чечимдерди кабыл алды. Жарлык боюнча ротациялоодо судья кадимки чөйрөсүнөн ажырап, коомдон көз карандысыз жана калыс болушу керек.

Өткөн жылы омбудсмен институтуна соттук процесстерге катышуу жана иштин ачык-айкындуулугун камсыздоо өтүнүчү менен 1950 арыз келип түшкөн. Имбудсмен институтунун маалыматы боюнча, алар жалпы 1600 соттук процесске катышып, алар боюнча өздөрүнүн корутундусун чыгарышкан.

Соттордун чечим чыгаруусунун ачык-айкындуулугун камсыздоо өтүнүчү менен кайрылгандардын мынчалык көптүгү көйгөй олуттуу экенинен далилдеп турат.

Жалпысынан Жапаровдун сотторду ротациялоо боюнча жаңы жарлыгынын алкагында 312 сот жаңы орундарга дайындалды. Эмгек сиңирген юрист сот тутумунун ардактуу ардагери Кенжебек Султаналиевдин пикиринде сотторду ротациялоо өз убагында кабыл алынган чечим болду.

“Ротация – бул натыйжалуу чара. Көбү тууган-урук деген түшүнүк менен кайрылат да. Ал эми ротация ошондон алыс болууга жардам берет. Бул мамлекетибизге дагы пайдалуу. Эгер сотту ротация жолу менен бир райондон экинчи бир районго которсо, анда жаңы кызмат ордунда тааныш-билиштери жок болот, ага ылайык сотко карата басым жок болуп, адилеттүү чечим чыгарууну таасир эткен терс көрүнүштөр жок болот”, - деди ал.

Адистердин айтымында, ротацияда судьялар бир аймактан экинчи аймакка өтүүдөн тартынбашы керек, анткени мамлекет баарына бирдей, судьялар ант беришкен.

КР акыйкатчысынын орун басары Альберт Кополовдун айтымында, ар бир мамлекеттик кызматкер ал өлкөгө кызмат кылып жатканын, ошого жараша өлкөнүн бардык аймагында кызмат кылууга милдеттүү экенин түшүнүшү керек.

КР Акыйкатчысынын орун басары Альберт Кополовдун айтымында, ар бир мамлекеттик кызматкер мамлекетке кызмат кылып жатканын, ошого жараша өлкөнүн бардык аймагында кызмат кылууга милдеттүү экенин түшүнүшү керек.

“Ротация – бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, аны колдонуу керек. Кайсы гана мамлекеттик кызматкер болбосун өлкөнүн өнүгүүсү үчүн гана иштеши керек. Ошого жараша мамлекеттик кызматкер кайсы аймакта болбосун кызмат өтөөгө даяр болушу шарт”, - дейт ал.

Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун судьясы Жаналы Батырбековдун айтымында, өлкөдө көп нерсе соттун адилеттүүлүгүнөн көз каранды.

“Бир орунда көпкө чейин иштөө кызыкчылыктардын кагылышына алып келиши мүмкүн. Анткени кошуна, дос-тааныштар келе баштайт. Кыргызда “Ыймандуу бийде тууган жок. Туугандуу бийде ыйман жок” сөз бар эмеспи, калыс чечим чыгарууга көп тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн. Ошондуктан ротация сот тутумуна оң таасир этет”, - дейт ал.

Жаналы Батырбеков өзү ротация жолу менен Оштон Бишкекке келди.

Ротация менен катар Кыргызстанда Соттор кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссия бар, эгерде соттук териштирүүдө анын укугу бузулса жаран ага кайрыла алат.

Дисциплинардык комиссиянын мүчөсү Таалайбек деркимбаевдин айтымында, эгерде судьянын үстүнөн жазылган арызда чын эле сот тарабынан жарандарга карата этика, моралдык, жүрүм-турум нормаларын бузуу жана орой мамиле жасоо фактылары болсо, анда судья дисциплинардык жоопкерчиликке тартылат.

“Алгач эскертүү, андан кийин сөгүш берилет, эгер жарандарга карата орой мамиле улана берсе анда ээлеген кызматынан кетүүсүн талап кыла алабыз”, - деди ал.

Бирок, бул жерде сот тарабынан кабыл алынган чечим мыйзам менен корголгонун белгилей кетүү зарыл. Ага ылайык, кабыл алынган чечим боюнча дисциплинардык комиссияга кайрылууга болбойт. Сөз соттун орой мамиле жасоосу, моралдык жана этикалык жүрүм-туруму жөнүндө болуп жатат.

Баса, ротациянын кырдаалга кандай таасири болорун убакыт көрсөтөт. Бирок эң негизгиси, абийир жана мамлекетке берилгендик ар бир жарандын, анын ичинде соттордун да жеке иши!

"Кабар" МАБ


 

Пикир

Оставить комментарий