• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Соттордун иши Жогорку соттун сайтына дароо чыгып турат

Коом 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Соттордун иши Жогорку соттун сайтына дароо чыгып турат. Бул тууралуу Аламүдүн районунун соту Азамат Узакбаев билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлердин ишин жеңилдетүү үчүн алдыда Жогорку соттун сайты менен Соттордун автоматташтырылган системасын байланыштыруу пландалууда. Себеби, токтомдор сайтка да, системага да чыгарылат.

"Жакынкы кездерде Жогорку сот менен Соттордун автоматташтырылган системасын байланыштыруу караштырылууда. Соттор маалыматтарды сайт менен системага киргизип эки жумуш жасап отурбайт. Сот системада иштеген кезде каттоодон акттарга чейинки баардык маалымат сайтка да жайгаша берет", - деди ал.

Ал белгилегендей, учурда бул программа иштелип чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий