• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Соттук өкүлчүлүк борборунун директору кызмат ордуна талапкерлерди тандоо өткөрүлүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун (мындан ары - Борбор) директорунун бош кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкер боюнча тандоо жүргүзөт.

Төмөнкүдө белгиленген квалификациялык талаптарга шайкеш келген кызыкдар талапкерлерди тандоого катышууга чакырабыз. Резюмени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2020-жылдын 10-сентябрынан кечикпестен y.bedash@mail.gov.kg электрондук почтага жибериңиздер (т. 96-01-73).

Борбордун иши тууралуу: Борбор арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын таламын, мындан тышкары арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын таламдарын талашат.

Талапкерлерге карата талаптар:

- жогорку юридикалык билим (тышкы экономикалык жана бажы укук, эл аралык укук, эл аралык менчик укук адистиги боюнча);

-.7 жылдан кем эмес стаж жана иш тажрыйба, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарда.

Кесиптик көндүмдөр жана билими:

- эл аралык жана кыргыз укукту билүү;

- чет элдик тилди билүү артыкчылыктуу;

- сот жана башка укук коргоо органдарында кызыкчылыктарды жактоо тажрыйбасы;

- сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жүргүзүү тажрыйба;

- аналитикалык иш жүргүзүү жана аналитикалык документтерди дяардоо, презентацияларды түзүү ж.б. көндүмдөрү;

- кесиптик адабиятты жана иш-кагаздарды окууну билүү, чет өлкөлүк кесиптештер менен баарлашуу.

Жеке сапаттары:

- жоопкерчилик;

-.максаттка багытталгандык жана коюлган максатка жетишүүгө умтулуу;

-.ишке системалык мамиле кылуу; түрдүү малдеттерди айкаштыруу; маалыматтын маанилүүлүгүн түшүнүү жана аны менен иштей билүү;

- жакшы эс тутум жана стресске туруштук берүү;

- логикалык ой жүгүртүү жана ар кандай тармактарда кеңири билимдерге ээ болуу;

- баарлашуу жөндөмдүлүгү жана ой-пикирин так төкпөй-чачпай жеткире билүү;

- мөөнөттөн ашыкча иштөөгө жана иш-сапарларга чыгууга даяр болуу;

- өз квалификациясын ар дайым жогорулатууга даяр болуу.

Иштин графиги: толук иш күн.

Эмгек мамилелердин форматы: эмгек келишим.

Пикир

Оставить комментарий