• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Соттук-укуктук реформанын алкагында ЧУА талдоо боюнча жумушчу топ маморгандардын 145тен ашуун мыйзамдык демилгелерин карады

Өкмөт 0

Бишкек, 28.12.19. /Кабар/. 2019-жылдын ичинде соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын талдоо боюнча жумушчу топ мамлекеттик органдардын 145тен ашуун мыйзамдык демилгелеринде жетишпегендик жана кемчилдиктердин болушун карады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жумушчу топтун жыйынында билдирди.

Ошондой эле ведомстволор аралык топтун аянтчасында укук колдонуу тажрыйбасы жана укук коргоо органдарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын келип чыккан маселелери каралып, аларды чечүү сунуштары берилди.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу 5 маселе каралган. Алар маданият жана маалымат, дин, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, жасалма документ жана аны пайдалануу мамилелерин, ошондой эле аксакалдар соту институтунун мындан аркы ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрүнүн баяндамаларынын жана ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан жүргүзүлгөн талкуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын төмөнкү Мыйзам долбоорлорун жактыруу жана илгерилетүү расмий процедураларын баштоо чечими кабыл алынды:

- «Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;

- «Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө».

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик комиссиясына алар сунуштаган мыйзам долбоорлорун толуктап иштеп чыгуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий