• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

«Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамына кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган.

Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 103-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Мыйзам соттук өз алдынча башкаруунун жалпы түшүнүктөрүн жана принциптерин аныктайт, судьялар коомдоштугунун жана соттук өз алдынча башкаруу органдарынын иш тартибин, аны уюштурууну жана укуктук статусун белгилейт.

Алсак, мыйзамда соттук өз алдынча башкаруунун жогорку органы судьялардын съезди болору жана ал Кыргыз Республикасынын судьяларынан турары каралат. Соттор Кеңешинин төрагасы жана анын орун басарлары съездин курамына кызматы боюнча киришет. Судьялардын съезди зарылчылыкка жараша чакырылат, бирок үч жылда бир жолудан кем эмес.

Соттор кеңешинин курамын калыптандырууда бир эле учурда анын курамынын резерви дагы калыптанат. Соттор кеңешинин иштеп жаткан мүчөсү ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда, Соттор кеңешиндеги ваканттык позицияга үч жылдык мөөнөтү аяктаганга чейин Соттор кеңешинин резервинин тизмесминде биринчи турган судья дайындалган болуп эсептелет.

Судьялар кеңешинин учурдагы курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин, иштеп жаткан курамдын ыйгарым укуктары жаңы курам түзүлгөнгө чейин узартылды деп эсептелет.

Ошондой эле мыйзамда Соттор кеңешинин ыйгарым укуктары аныкталган. Негизинен, төмөнкүлдөрү белгилесе болот:

- Соттор кеңешинин алдында комиссияларды түзөт, анын ичинде тартиптик дагы, алардын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын, ыйгарым укуктарын аныктайт (аларга өз ыйгарым укуктарынын негизинде ыйгарым укук берет), алардын курамын аныктайт жана бекитет, алар жөнүндө жоболорду иштеп чыгат жана бекитет (регламенттерди), эгер башка бул мыйзамда каралбаса;

- Судьялардын үстүнөн келип түшкөн даттанууларды карайт, алар боюнча кызматтык териштирүүнү жүргүзөт, судьялардын жана даттанган адамдардын түшүндүрмөлөрүн угат, судьялардын аракеттерине баа берет, судьяларды кызматтан бошотуу, Конституциялык соттун же Жогорку соттун судьясын кызматынан бошотуу жөнүндө Президентке, же кийинчерээк Жогорку Кеңешке киргизүү жөнүндө сунуш киргизет.

- Судьялардын дисциплинардык жоопкерчилигин оордотуучу же жеңилдетүүчү жагдайлардын тизмесин белгилейт.

Ошондой эле мыйзамда тартип комиссиясын түзүүнүн жана анын ишин уюштуруунун тартиби жөнүндө бөлүм камтылган.

Пикир

Оставить комментарий