• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Совет аскерлеринин Афганистандан чыгарылышынын 31 жылдыгы: Аскер бөлүктөрүндө салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Мамлекеттик чек ара кызматынын бардык аскер бөлүктөрүндө Совет аскерлеринин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылышынын 31 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чаралар болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Аскер бөлүктөрүндө өткөн иш-чаралардын алкагында аскер-интернационалисттердин жаш муун менен жолугушуусу болуп өткөн. Ошондой эле аскердик-спорттук таймаштар, мектеп окуучулары үчүн экскурсиялар өткөрүлгөн.

"Майрамга карата Мамлекеттик чек ара кызматы аскер-интернационалисттерге акчалай сыйлык берди", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий