• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

“Советтик Кыргызстандын кызы” сүрөтү тууралуу сиз билбеген кызыктуу фактылар

Коом 0

Бишкек, 28.11.18. / Кабар/. СССРдин Эл сүрөтчүсү Семен Чуйковдун “Кыргыз колхозунун чыгармалары” топтомундагы “Советтик Кыргызстандын кызы” сүрөтүнө быйыл 70 жыл болот. Бул тууралуу Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейинин басма сөз кызматы билдирди.

1. Чыгармада жүзү чагылдырылган Орто-Сай айылынын тургуну Өгөбаева Айымжамал Абдыкуловна тууралуу көптөр билбе бербейт. Сүрөттө тартылган кыздын тулку бою, колдору башка бирөөгө, балким бир нече кызга таандык болушу мүмкүн.

2. Башкы каармандын образы, көйнөк, жоолугуна чейин толугу менен сүрөтчү тарабынан иштелип чыккан.

3. Айымжамал 3-4 сааттап күн алдында туруусуна туура келген. Ага чейинки каармандын образына тандалган кыздар ага чыдабай койгон.

4. 1974-жылы “Советтик Кыргызстандын кызын” чагылдырган СССРдин почта маркасы чыккан.

5. С.Чуйков менен анын жубайы Е.Малеина көп жылдар бою Айымжамал жана анын үй-бүлөсү менен тыгыз байланышта болгон.

6. 1956-жылы Айымжамал Ысык-Ата районунун тургуну Өгөбаев Камчыбекке турмушка чыгып, 4 баланын энеси болгон. Айымжамал Өгөбаева 2000-жылы 19-августта каза болгон.

7. Сүрөттүн түп нускасы Москвадагы Мамлекеттик Третьяков галереясынын коллекциясында турат. Третьяков галереясы аны сүрөтчүнүн өзүнөн 1949-жылы сатып алган. 1950-жылы биздин музей үчүн сүрөтчү автордук көчүрмөсүн тарткан. Ал сүрөттү биздин музейдеги С. Чуйков залынан көрүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий