• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

СOVID-19: Акыркы суткада 304 кыргызстандык сакайып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан (пневмонияны эсепке алганда) 304 кыргызстандык сакайып чыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штаб тараткан маалыматка караганда, Бишкек шаарында 18 киши, Ош шаарында – 27, Чүй облусунда – 30, Ош облусунда – 54, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 20, Ысык-Көл облусунда – 39, Жалал-Абад облусунда – 62, Баткен облусунда 41 бейтап COVID-19 илдетинен айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 33 миң 622ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий