• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

СOVID-19: Акыркы суткада 329 кыргызстандык айыгып чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 15.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан (пневмонияны эсепке алганда) 329 кыргызстандык сакайып чыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Штаб тараткан маалыматка караганда, Бишкек шаарында 29 киши, Ош шаарында – 33, Чүй облусунда – 33, Ош облусунда – 67, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 62, Жалал-Абад облусунда – 55, Баткен облусунда 31 бейтап COVID-19 илдетинен айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 33 миң 951ге жетти.

Пикир

Оставить комментарий