• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

СOVID-19. Бишкекте 13 мектеп онлайн окутууга өттү

Коом 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Бишкекте 13 мектепте коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, №26, №88, №62, №60, №73, №12, №4, №38, №67, №11, №29, №18 жана №6 мектепте коронавирус табылып, Санэпидкөзөмөл борборунун нускамасы менен аталган окуу жайлар аралыктан окутууга өттү.

Ошондой эле №135 мектепке чейинки билим берүү уюму толугу менен жабылып, ал эми №144 бала бакчада бир тайпа жабылды.

Пикир

Оставить комментарий