• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

СOVID-19. ӨКМ сутка ичинде аткарылган иштер тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 29.08.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "112" кызматына бир сутка ичинде жалпы 5 миң 600 чалуу болсо, анын ичинен 20 чалуу коронавирус инфекциясына байланыштуу болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле ведомстводон өлкө аймагында жүргүзүлүп жаткан дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат беришти.

Алсак, 2020-жылдын 28-август күнү өлкө боюнча 16 миң 490 погондук метр унаа жолдор, 32 миң 175 чарчы метр имараттар дезинфекцияланган. Жалпы КР ӨКМ тарабынан 505 адамга ысык тамак-аш берилген.

Дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу, госпитилизация пункттарындагы жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө министрлик рабынан 96 кызматкер жана 10 унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий