• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

СOVID-19: ӨКМ өткөн суткада аткарылган иштер тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында өткөн сутка ичинде аткарылган иш-чаралар боюнча маалымат берди.

Алсак, 2020-жылдын 21-август күнү өлкө боюнча 85 миң 900 погондук метр унаа жолдор, 46 203 чарчы метр имараттар дезинфекцияланган. Министрлик тарабынан жалпы 1миң 271 адамга ысык тамак-аш берилген.

Ал эми "112" кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 5 миң 260 чалуу катталып, анын ичинен 25 коронавирус боюнча чалуу түшкөн.

Дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу, госпиталда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан тарабынан 194 кызматкер жана 20 унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий