• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

СOVID-19: КРдагы финансылык уюмдар 10 млн сомдук гуманитардык жардам көрсөтүштү

COVID - 19 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-июлда Кыргызстандагы банктардын бирикмесине мүчө 10 финансылык уюм КР Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам көрсөттү. Жалпы наркы 10 миллион сомго барабар болгон аманатты министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов кабыл алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн 6 даана жасалма дем алдыруучу аппарат, 100 даана кычкылтек концентратору жана 1000 пульсоксиметр тапшырылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы гуманитардык жардам көрсөткөн финансылык институттардын өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий