• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

СOVID-19: Кыргызстанда расмий эмес маалымат боюнча 160 миңдей адам ооруп чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 13.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда расмий эмес маалымат боюнча 160 миң адамдын тегерегинде оорулуулар СOVID-19дан айыгып чыкты десек болот, - деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн онлайн брифингде.

Анын айтуусуна караганда, азыркы учурда лаборатордук турдө тастыкталган коронавирус инфекциясынын азайгандыгы байкалууда.

"Ошол эле учурда репродуктивдик сан деген бар. Бул бир адамдын канча адамга жуктурган санын көрсөтөт. Июль айындагы көрсөткүчтөрдү карап көрсөк, ооруп жаткан адам башка адамды 0,5%га гана жуктуруу мүмкүнчүлүгү бар экени белгиленди. Оорулуунун абалы боюнча бөлүштүрүү: 13 миң 177 адам же оорулуулардын 36,3 %ы - симптомдору билинбей ооруган адамдар. Ал эми жеңил түру менен 10 миң 781 – 29,7% адам ооруган. Бүгүнкү күнгө катталган учурлардын саны 41 миң 69 адамды түздү", - дейт ал.

Каратаев өз сөзүндө эл арасында, бул чыныгы статистикага туура келбейт деген маалыматтар бар экендигин айтат.

"Эгерде биз, расмий маалыматтан сырткары, медициналык мекемеге кайрылбаган симптомдору билинбеген же жеңил түрү менен ооруган адамдарды ала турган болсок, анда болжол менен 160 миң адамдын тегерегинде оорулуулар айыгып чыкты десек болот”, - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий