• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

СOVID-19 менен күрөшүүгө салым кошкон балдар өлкөнүн Көз карандысыздыгын майрамдоого катышты

Президент 0

Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 31-августта, коронавирус менен күрөшүүгө салым кошкон ыктыярчы-балдар Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 29 жылдыгына карата өткөрүлгөн Бишкек шаарынын борбордук «Ала Тоо» аянтындагы иш-чараларга катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков топтогон каражаттарын коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө берген балдар менен баарлашты.

«Силердей патриот, жакшы окуган, илим-билимдүү, ыймандуу балдарыбыз көп болсо, мамлекетибиздин келечеги кең болот. Силер — биздин мамлекеттин келечегисиңер. Кудайым тилегиңерди берсин, бардыгы тең ишке ашсын», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысынын атынан балдарга планшеттер белекке берилди. Сооронбай Жээнбеков тапшырылган белектер балдарга өлкөнүн жаркын келечегинин кепилдиги болгон санарип технологияларды жакшылап өздөштүрүүдө жардам берерине үмүт кылды.

Өлкөнүн көз карандысыздык күнүнө карата куттуктоосунда Президент бул кыйын күндөрдө чоң күчкө ээ болгон эң кичине ыктыярчылардын жардамын белгиледи. Биздин элибизде «алам» дегенден, «жардам берейин» дегендер көп экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, коронавирус инфекциясынын пандемиясы мезгилинде Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан сегиз бала — мектеп окуучулары сыртта калбай, чоңдор менен катар эле өз каражаттарын пандемия менен күрөшүү үчүн беришкен.

Алар: Элиза Бейшекеева (10 жашта), Руслан Дашков (6 жашта), Мустафа Каипов (12 жашта), Нуртилек Абасканов (10 жашта), Батырхан Наматов (8 жашта), Аделина Ныязакунова (11 жашта) Алан Дайыров (6 жашта) жана Жандос Дуйшеев (14 жашта).

Пикир

Оставить комментарий