• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

СOVID-19. Мирзахмедов оору көп катталып жаткан Ноокен жана Базар-Коргон райондоруна барды

Аймак 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Облуста жер-жерлерде даярдалган жугуштуу оорулар бөлүмү жана күндүзгү стацонарларды ачуудан мурда, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана медицина кызматкерлери абалдан чыгуу боюнча кылдат текшерүү жүргүзүү керек. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун жетекчиси Нурболот Мирзахмедов оору көп катталып жаткан Ноокен жана Базар-Коргон райондоруна болгон иш сапарынын алкагында билдирди.

Өкүл аталган жайларда кошумча медицина кызматкерлери жетишсиз экендигин айтты. Ал мындан улам аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө орундар калбай калган учурда, бейтаптарды облустук клиникалык ооруканасына жөнөтүү тапшырмасын берди. “Бул аракеттер мүмкүнчүлүккө жараша саламаттык сактоо кызматкерлеринин күчүн жана материалдык чыгымдарды үнөмдөө”, - деди ал.

Белгилей кетсек, облус боюнча акыркы суткада COVID-19 жана пневмония оорусу 40 бейтаптан аныкталды. Район-шаарлардагы ооруканаларда 367 адам дарыланып жатат. Аксы, Ала-Бука, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак жана Жалал-Абад шаарларында бирден күндүзгү стационарлар иштөөдө.

Пикир

Оставить комментарий