• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

СOVID-19: Мырза-Аке айыл өкмөтү тарабынан ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүүдө - ЖӨБЭММА

Аймак 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айыл өкмөтү коронавирус илдетин болтурбоо жана жайылтпоо, ошондой эле бейтаптарды дарылоо максатында ыкчам иш-аракеттери жүргүзүлүп, аз убакыт аралыгында калкка жардам көргөзүлө башталды. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинен айылдык медресенин жатаканасына уюштурулган 50 орундуу стационарга төшөнчү орундар , штативдер жана бейтапты кабыл алып жардам көрсөтүүгө медиктерге жана стационардык аймакты тазалоого санитарларга зарыл бардык медициналык шаймандар толугу менен алып берилип, медиктердин тамак-ашына кошумча каражат каралып берилди.

Айылдын ыктыярдуу жаштары эки топко бөлүнүп, стационарда дарыланып жаткан оорулууларга дары-дармек, ысык тамак менен камсыз кылуусун жөндөп, айыл өкмөт менен биргеликте жергиликтүү калкка жардам көрсөтүүдө.

"Мисалы, жаштардын биринчи тобу аймактык ооруканага чогулткан каражаттары менен бир тез жардам унаасын, коргонуучу костюмдарды алып келип тапшырышты. Жаштардын экинчи тобу 700 миң сомдон ашык медициналык ар кандай шаймандарды, анын ичинде жасалма дем алдыруучу аппараттарды алып келип, аймактык ооруканага жардам катары өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий