• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

СOVID-19. Нур-Султан менен Алматы вирустун тарашы боюнча "кызыл зонага" кирди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Нур-Султан менен Алматы вирустун тарашы боюнча "кызыл зонага" кирди. "Сары аймакта" Акмола, Батыш Казакстан, Атырау, Павлодар облустары турат. Калган облустар менен шаарлар "жашыл аймакта".

Алматы шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, соңку суткада Алматыда 160, Нур-Султанда 143 кишиден инфекция аныкталган.

Шейшембиде өлкө боюнча 693 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду.

Казакстанда жалпысынан 220 018 киши COVID-19га чалдыгып, 203 миң бейтап айыкты. Эпидемия башталгандан бери 2 821 адам өлдү.

Дагы 647 адам вирустук пневмониянын кесепеттеринен көз жумган. Казакстан COVID-19дун белгилери бар пневмониянын статистикасын өзүнчө жүргүзүп келет. Санак былтыр август айында башталып, андан бери 49 581 кишинин өпкөсү кагынганы жана 44 миңден ашуунун айыгып чыкканы айтылат.

Пикир

Оставить комментарий