• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

СOVID-19: Ош шаарына караган айылдарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. Ош шаарына караган айылдарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 30-июлда Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев тийиштүү кызматтар менен биргеликте коронавирус илдетинин күчөп кетишинин алдын алуу максатында Жапалак аймактык башкармалыктагы айылдарды кыдырып, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ага аксакалдар кеңешинин төрагалары, аялдар кеңешинин төрайымдары, көчө башчылар, айыл аксакалдары жана жаштар катышкан.

Вице-мэр элдерди чогултуп, той-аш өткөрүп жаткандар илдетти жайылтууга көмөкчү болуп жаткандыгын билдирип, биргеликте жеңүүгө чакырган.

Жалпысынан Жапалак айылдык башкармалыгында 13 айыл бар. Калкынын саны 30 миңден ашуун.

Пикир

Оставить комментарий