• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

СOVID-19: Эмомали Рахмон аза күтүү күнүнө байланыштуу Жээнбековго жана Кыргызстан элине көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктарына карата Кыргызстанда 2020-жылдын 30-июлу Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго жана өлкө элине көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Боордош Кыргызстан элине чын ниеттен көңүл айтып, кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз, ал эми ооруп жаткан кыргызстандыктарга тез арада сакайып кетишин каалайм.

Ковид-19 кооптуу вирустук инфекциясынын глобалдуу жайылуу тенденциясына терең тынчсыздануу менен байкоо салып жатабыз. Достук мамиледеги Кыргызстан пандемияга байланыштуу кыйынчылыктарды татыктуу жеңип чыгарына, ошондой эле илдетти ооздуктоо жана эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча өлкө Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар күтүлгөн натыйжага сөзсүз алып келерине ишенем.

Тажикстан менен Кыргызстанды тамыры тереңге кеткен ак ниет коңшулук, өз ара кызматташуу жана өз ара жардамдашуу салттары байланыштырып келет.

Учурдан пайдаланып, кыргыз тарап биздин колдон келген жардамыбыз менен колдообузга ар дайым таяна аларына Сизди ишендирип кетким келет», — деп айтылат Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий