• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

СOVID-19: Россия жөнөткөн гумжардамды өткөрүп берүү иш-чарасы өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинде Россиядан келген медициналык жабдык, дары-дармек жана жеке коргонуучу каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардамды Кыргызстанга өткөрүп берүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө вице-премьер-министр Аида Исмаилова Россия өлкөсүнө ыраазычылыгын билдирди.

"Алгач Кыргызстанга коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө баа жеткис жардам көрсөтүп жаткан Россия өлкөсүнө ыраазычылыгымды билдирем. Буга чейин Россия тарап кайтарымсыз негизде ПЧР тесттерин жана коронавирустук инфекцияны диагностикалоо үчүн реагенттер, медициналык жабдууларын (инфракызыл термометрлер, термикалык детекторлор ж.б.), жеке коргонуу каражаттарын берген. Кыргызстанга противогаз, ар кандай модификациядагы коргоочу костюмдар, радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо каражаттары, метеорологиялык шаймандары келген”, - дейт ал.

Өз кезегинде Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко биргелешкен аракеттер менен коронавирус илдетин жеңүүгө боло турганына ишендирди.

"Россиянын бул аракети чындыгында союздук мамилелердин көрсөткүчү”, - деди элчи.

Эскерте кетсек, КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен РФ президенти Владимир Путиндин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Россия гуманитардык жардамдын дагы бир тобун жиберген.

Ал Россиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинин атайын учагы менен 26-июлда Бишкекке келип түшкөн.

Гуманитардык жүк медициналык жабдуулардан, дары-дармектерден жана жеке коргонуу каражаттарынан (5 көчмө рентгенаппараты, анестезиология үчүн монитор жана оксометрлик датчиги менен интенсивдүү терапия – 65 даана, анестезиология үчүн монитор жана оксометрлик датчиги жок интенсивдүү терапия – 5 даана, жасалма дем алдыруучу 31 аппарат, дары: эноксапарин натрия – 49 миң 350 даана, олокизумаб – 550 даана жана беткаптан – 100 миң даана) турат.

Пикир

Оставить комментарий