• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

СOVID-19: Россиялык медиктер Ош шаарына барышты. Видео

Аймак 0


Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. СOVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы күрөштө жардам берүү үчүн Россиянын Башкортостан Республикасынан келген дарыгерлердин бир тобу Ош шаарына барды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аларды "Ош" эл аралык аэропортунан Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов менен өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарам укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов тосуп алышты.

"Ошко келген 16 дарыгер Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ооруканаларда иштешет. Мындан тышкары, Москвадан 2 вирусолог да кошо келишти", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Белгилей кетсек, россиялык дарыгерлердин тобунда реаниматологдор, инфекционисттер, пульмонологдор жана отоларингологдор бар. Алар аймактарга барышып, жеринде коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоого катышат, ошондой эле аймактардагы дарыгерлер үчүн вебинарларды өткөрүшөт.

Видео: Азамат Абсаттаров

Пикир

Оставить комментарий