• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

СOVID-19: Убактылуу эмдөө пункттары көбөйтүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 25.07.21. /Кабар/. Калкты массалык түрдө эмдөө максатында 914 убактылуу эмдөө пункттары ачылды, анын ичинен 646 - мамлекеттик медициналык мекемеде, 10 - жеке медициналык мекемеде, 100 - жалпы билим берүү мекемеде, 12 - соода-оюн зоок мекемеде, 12 - маданий-спорттук мекемеде, 31- базарларда жайгашып жана 103 - мобилдик топ бар.

Коронавирус каршы Республикалык штаб билдиргендей, 2021-жылдын 16-июлунан баштап Бишкек шаарындагы "ГУМ" соода-оюн-зоок борборунда, "Берекет"», "Аламүдүн" базарларында кошумча убактылуу эмдөө пункттары ачылды.

Ошондой эле күнү- түнү төмөнкү эмдөө пункттары иштеп жатат:

Бишкек ш. (15 ҮМБ, 5 ҮМБ, студенттердин эмканасы);

Ош ш. (Ак-Тилек к-р шаардык оорукана, Курманжан Датка, 122 дареги боюнча жайгашкан тез жардам станциясы, Курманжан Датка, 157 дареги боюнча жайгашкан шаардык оорукананын эски имараты);

Ысык-Көл облусу ( Кара-Кол ш. мед.колледж, Чолпон-Ата ш. ЖДПБ);

Жалал-Абад облусу ( #1 ҮДТ, Жалал-Абад БҮМБ).

Эскерте кетсек, эмдөө пункттун тандоону жарандар үчүн жеңилдетүү максатында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан интерактивдүү карта ишке кирген, анын жардамы менен жарандар эмдөө пункттарынын дарегин, байланыш номерлерин жана кайсы вакцинанын бар экенин биле алышат.

Калкты эмдөөгө жазылууну жеңилдетүү максатында онлайн сервис ишке кирген. Колдонуучулар керектүү талааларды толтуруу менен (аты-жөнү, ПИН) ылайыктуу пунктту жана убакытты тандай алышат.

Жогоруда аталган санариптик сервистер төмөндө көрсөтүлгөн электрондук даректе жайгашкан www.vc.emed.gov.kg.

Пикир

Оставить комментарий