• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

СOVID-19. Жалал-Абад шаарындагы күндүзгү стационарда 2 миңден ашуун бейтап меджардам алды

Аймак 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы күндүзгү стационар ачылгандан бери коронавируска чалдыккан 2 миңден ашуун бейтап кайрылып, медициналык жардам алды. Бул тууралуу стационарда иштеп жаткан дарыгерлер билдиришкендигин, мэрия маалымдайт.

Шаардагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда ачылган күндүзгү стационар 50 орунга ылайыкташкан. Анда күн сайын 100дөн ашуун бейтапка жардам көрсөтүлүп жатат.

Эске салсак, аталган жай 16-июндан тарта бейтаптарды кабыл алып баштаган. Учурда стационарда 12 медицина кызматкери эмгектенип жатат. Күндүзгү стационарда эмгектенип жаткан дарыгерлерди мэриянын алдындагы мекеме-ишканалар, "Демир Банк", "Азия Банк", "Бай-Түшүм" жана "Айыл Банк" тамак-аш менен камсыздап, СOVID-19-19 илдети менен күрөшүүгө өз салымдарын кошуп жатышат.

Жалал-Абад шаардык мэриясы элдин саламаттыгы үчүн тилектеш, көмөктөш болгон мекеме-ишканалар менен банктарга терең ыраазычылык билдирет!

Пикир

Оставить комментарий