• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

СOVID-19. Жалал-Абад шаарындагы айрым чектөөлөр алынды

Аймак 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында бүгүн коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу шаардык штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйында буга чейин киргизилген бир катар чектөөлөрдү токтотуу чечими кабыл алынды.

Кабыл алынган чечимдерге ылайык, 28-августтан тарта калаадагы мечиттерде жума намазын окууга уруксат берилди. Бирок санитардык талаптарды так сактоо зарыл. Ар бир жаран сырттан даарат алып, жайнамазын көтөрө келиши керек. Мечиттерге беткапсыз киргизилбейт, 1,5 метр аралык сакталууга тийиш.

Андан тышкары, автобустар 1-сентябрдан тарта ишин улантат. Бул чечим жаңы окуу жылынын башталышында мектептерге биринчи класстын окуучуларын ташуу үчүн чыгарылды. Ал эми кичи автобустар ишемби, жекшемби күндөрү да каттамга чыгышат.

Курманбек стадиону келаткан дүйшөмбү күндөн иштей баштайт. Ага чейин залалсыздандыруу жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, учурда Жалал-Абад шаарында бардык стационарлар жабылды. Жалпы 3 күндүзгү, 1 түнкү стационар бейтаптарды кабыл алып келген.

Пикир

Оставить комментарий