• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

СOVID-19 жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 2 миң 753 адамга жетти — Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда СOVID-19 коронавирустук инфекциясы жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 2 миң 753 адамга жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Анын билдирүүсүнө караганда, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал. Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 44 адам жатат.

Белгилей кетсек, 27-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 13 учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 695 учуру катталды. Анын ичинен 183ү медицина кызматкери. Стационарда 292 адам жатат, алардын ичинен реанимацияда – 7. Ал эми 395 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Сегиз адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий