• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

СOVID-19га каршы Россия иштеп чыккан вакцинаны Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө — президент

Президент 0

Бишкек, 12.09.20. /Кабар/. «Илдетке каршы күрөшүү иш-чаралардын алкагында биздин эки өлкөнүн тийиштүү органдары вакцинаны Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде, өлкөнү коронавируска каршы россиялык вакцина менен камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан иш-аракеттер жөнүндө суроого жооп берип жатып.

Мамлекет башчысы вакцинаны өлкөгө алып келүү абдан маанилүү экендигин жана коронавирус инфекциясы адамзаты үчүн дагы деле коркунуч туудуруп жаткандыгын белгиледи.

«Россия Федерациясы дүйнөдө биринчи болуп коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгарды. Клиникалык сыноолордон өттү деп маалыматтарды беришти. Россия Федерациясы акыркы күндөрү вакцинаны колдонууга киргизишти. Жакынкы убакытта вакцина массалык чыгарылат деп ишенем», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий