• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өспүрүм баланы зордуктоо боюнча видео. КР ИИМ: Кылмыш Алтай Республикасында болгон

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Кайрылуу катка жооп келди. Жашы жете элек өспүрүмгө карата күч колдонуп жыныстык катнашка барган окуя Алтай Республикасынын Кош-Агач районунда болгон. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-январда жооп келди жана анда 2020-жылдын 29-июль күнү Алтай Республикасы боюнча ИИМдин кызматкерлери Интернетте мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө “WhatsApp” мессенджеринде белгисиз балага карата күч колдонуп сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап жаткан жаш жигиттин видеосун табышкан.

Алтай Республикасы боюнча ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө 2019-жылдын август айында Алтай Республикасынын Кош-Агач районунун Кош-Агач айылында (2019-жылдын 1-10-августтарынын ичинде) жашы жете элек “Р”, башка жашы жете элек өспүрүм “Кга” карата күч колдонуп жыныстык катнашка баргандыгы аныкталган.

Жогорудагы факты боюнча Алтай Республикасы боюнча Тергөө комитетинин тергөө башкармалыгынын Улаган райондор аралык тергөө бөлүмү 2020-жылдын 29-июль күнү Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (Жашы жете элекке карата жасалган күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жашы жете элек “Р” ички иштер органына жеткирилип, Россия Федерациясынын Жаза-проссецуалдык кодексинин 91-беренесине ылайык кармалган. 2020-жылдын 31-декабрь күнү айыптоо корутундусу менен кылмыш иши Кош-Агач райондук сотуна жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий