• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өспүрүмдүн суицид тууралуу ойлонуп жатканын кантип билсе болот?

Дүр дүйнө 0

Өспүрүм жана суицид. Бул бир-бири менен эч байланышпоосу керек болгон эки түшүнүк бүгүнкү күндүн бир “белгисине” айланып бара жатат. Күн сайын бир жүрөк үшүткөн жаңылык окуп же угабыз. Жакында Россиянын Сахалин аймагында мектеп бүтүрүүчүсү тарых сабагы боюнча сынакты жаман тапшырып калганы үчүн өзүн –өзү өлтүргөн. Кечээ эле Чүй облусунун Панфилов районундагы интернат – жатак мектебинин 10- классынын окуучусу муунуп алган. Мындай жаман кабарлар байма- бай чыгып отуруп шумдук бир нерседей көрүнбөй эле калды окшойт.

Психологдордун айтымында, жаш балдардын арасындагы суицид – бул алдын алууга мүмкүн болгон көрүнүш. Эң негизги нерсе кооптондурган белгилерди убагында байкап калуу. Бул макаланы кунт коюп окуп көрүңүз, балким жакын адамдарынардан бул белгилерди байкап каласыңар.

Жүрүм-турумунда өзгөрүүнүн белгилери:

- Тамакка табит жоголот же тескерисинче абдан көп тамак жей баштайт, уйкусуздук,

- Өзүн жаман сезүү (баш ооруу, ич ооруу, ар дайым чарчаңкы болуп жүрүү, уйку келүү)

- Өзүнүн сырткы келбетине көңүл бурбай калуу,

- Ар дайым өзүн жалгыз сезүү, өзүн күнөлөө,

- Өлүм тууралуу ой жүгүртүп калуу,

- Келечекке план түзбөй калуу,

- Үйдөн качуу,

- Өзүнө болгон катаал мамиле тууралуу сүйлөө, сүрөт тартуу, жазуу,

- Себеби жок ыйлоо, катаалдык,

- Жеке буюмдарын тарата баштоо.

Өспүрүмдүн көйгөйү жакшы көргөн адамынан ажыроодон жаралышы мүмкүн (бул жаштагылар биринчи сүйүү өмүрдүн аягына чейин уланаарына ишенет да ал адам менен ажырашуу өспүрүмдү депрессияга киргизе алат).

Үй-бүлөдөгү кыйын- психологиялык абалдан (ата-энеси менен урушуу, алардын бири-бири менен ар дайым уруша берүүсү, ажырашуусу, жек көрүңкү мамиле), мектептен көп тапшырма берүү же окуусунан жетишпегендик (окуудагы начар баа алуу окуучулардын депрессиясынын көпчүлүк бөлүгүнүн себеби болууда, кызыгы депрессияга кабылгандардын алдын жакшы окуган отличниктер түзсө, кийинки орунда эң начар окугандар) ; өспүрүмдүн баңгизатка байлануусу, интернет оюндар менен ойноосу, ага көз каранды болуп калуусу жана өспүрүм кезиндеги бойго бүтүү жаш балдарды өзүнүн өмүрүнө кол салуусуна түртүшү мүмкүн.

Психологдордун айтымында, суицид аркылуу өспүрүм бала чоңдор сыяктуу эле өзүнүн көйгөйүн чечүүгө аракет кылат, өзүнө жана көйгөйүнө көңүл бурдургусу келет, маселеден качуу, боор оорууну чакыруу, өч алуу, жооперчиликтен качуу үчүн жасайт.

Эгер баланын жүрүм – турумунан өзгөрүүнү байкасаңыз эмне кылуу керек:

- Аны менен сүйлөшүп, анын көйгөйлөрүн кунт коюп угуңуз,

- Бул абалынын себебин аныктап, ниетинин олуттуулугун толук жоопкерчилик менен баалаңыз,

- Ал адамдын айткан ар бир сөзүнө, кичинекей көрүнгөн таарынычтарына да көңүл буруңуз

- Өзүнүн жанын кыюуну ойлонгон жокпу деп бетке эле суроодон коркпоңуз

- Баланын кандай сайттарга кирээрин текшериңиз, көп учурда суицид жасоонун жолдорун интернеттен көрүшөт,

- Анын окуп жаткан ЖМКларын көзөмөлдөңүз.

Ар бир адам өзүнүн жашоосу үчүн эле эмес, аны жакшы көргөн жакын адамдары үчүн да жоопкерчилик алуусу кажет. Кыйын абалга туш болгон жакын адамыңыз болсо кесипкөй психологдун жардамына дароо кайрылыңыз, же болбосо анын жалгыз эместигин далилдеп аны канчалык деңгээлде жакшы көрөөрүңүздү көргөзүңүз.

Даярдаган Бегимай Талантбекова

Пикир

Оставить комментарий