• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өспүрүмдөрдө COVID-19дун белгилери кандай болот?

COVID - 19 0

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Республикалык штабдан өспүрүмдөрдө COVID-19дун белгилери кандай болорун айтып беришти.

Штабдан белгилешкендей, 12 жаштан жогорку балдарда коронавирустун белгилери чоңдордогудай эле. Бул кургак жөтөл, ангина, мурундун агышы, баш оору жана башка ковид белгилери:

  • 37,5-38°C чейинки дене табы;
  • мурундан суу агуу;
  • тамак оору;
  • жөтөл;
  • баш оору.

Оорунун башка дагы белгилери болушу мүмкүн:

  • булчуң оорусу;
  • чарчоо
  • алсыздык;
  • кээде тамак сиңирүү начарлайт.

Омикрон менен коронавирустук инфекциянын мурунку варианттарына мүнөздүү жыт жана даамды жоготуу өтө сейрек кездешет.

Пикир

Оставить комментарий