• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өспүрүмдөрдү “Жетикс” фантастикалык тасмасынын кастингине чакырат

Маданият 0

Бишкек, 6-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Медиастар продакшн студиясы “Жетикс”- сезими жок планета, балдардын алгачкы фантастикалык тасмасынын кастингине чакырат.

“Кабар” маалыматтык агенттигине билдиришкендей, тасмага тартылууну каалаган 12-14 жашка чейинки балдар, кыздар чакырылат. Ал үчүн өспүрүмдөр өздөрү жөнүндө жана актердук чеберчилиги, таланты чагылдырылган 30 секундалык видео тартуу керек. Видеону whatsapp колдонмосу аркылуу 0706 661 881 номерине жөнөтсөңүздөр болот.

Тасма тууралуу

“Торгук” районунда 2 жумадай 12 мектеп окуучулары жоголуп кетет. Өлкө боюнча коменданттык саат киргизилген. Күч структурасы уурдап кеткен кишини табууга алы жетпей, мектеп окуучуларынан турган өзгөчө “Жетикс” тобун чогултат. Алардын ар бири өзгөчө касиетке ээ болушат. Шумкар жарыктын ылдамдыгы менен жылат, “600” лакап аттуу бала буюмдарды ордунан жылдыра алат, Карлыгач биринчи класстагы хакерлердин сазайын берет.

Алар достору менен балдарды куткарып калуу үчүн гана биригишет. Бирок ишти тездетүү керек, анткени күнүнө бирден бала жоголо берет. Балдарды уурдоо көп, ал эми куткарууга убакыт жана мүмкүнчүлүк аз.

Пикир

Оставить комментарий