• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өспүрүмдү сүзүп качып кеткен 18 жаштагы айдоочу кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. Бишкекте жол кырсыгын жасоого шектелип 18 жаштагы А.А. аттуу айдоочу кармалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-ноябрда саат 18:30 чамасында белгисиз айдоочу Тыналиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жашы жете элек адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

“18-ноябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча издөө бөлүмүнүн кызматкерлери А.А. аттуу Бишкектин тургуну башкарган Мерседес-Бенц унаасын кармашкан”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Учурда унаа айып унаа токтотуучу жайга киргизилип, материалдар борбордогу ШИИББдин тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Жабырлануучу №13 мектептин 10 жаштагы Я.Ц. аттуу окуучусу экендиги аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий