• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

SpaceX глобалдык интернет үчүн орбитага 60 спутник учурду

Коом 0

Бишкек. 24.05.19 /Кабар/. SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракета ташыгычы орбитага 60 кичи спутнигин учурду, ал интернет-трафигинин глобалдык түйүнүн түзүүгө багытталган. Алардын баары интернетке кошулду. Бул тууралуу Илон Масктын SpaceX компаниясы “Твиттер” баракчасында билдирди.

Эки баскычтуу ракета Флорида штатындагы Канаверал космодромунан учурулду.

Falcon-9 ракетасынын биринчи баскычы Атлантикалык океандагы платформага конду. Экинчи баскыч дагы ийгиликтүү бөлүнүп чыкты. Ракета учуруу жараяны SpaceX компаниясынын YouTube-каналында түз чагылдырылды.

Биринчи жолу начар аба ырайына байланыштуу, кийин жабдууларды кайра текшерүү үчүн ракетаны учуруу мөөнөтү эки жолу жылдырылган.

Starlink долбоору 2015-жылы иштелип чыккан, ал жер жүзүнүн бардык аймагын ишенимдүү жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоого багытталган. Эки тесттик спутник 2018-жылы февралда ийгиликтүү түрдө учурулган. Илион Маск орбитага бир нече миң космос аппаратын учурууну пландоодо. Долбоордун жалпы наркы 10 миллиард долларга бааланган.

Пикир

Оставить комментарий