• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

СПИДге каршы бир айлык жарыяланды

Ден соолук 0

Бишкек, 02.11.17 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында ВИЧ\СПИД илдетине каршы күрөшүүнүн бир айлыгы жарыяланды. Бул жөнүндө шаар мэриясында атайын буйрук чыгып, 1-ноябрь – 1-декабрь мезгилинде 1-декабрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк СПИД илдетине каршы күрөшүү күнүнө карата бир айлык өткөрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Бир айлыкты уюштуруп өткөрүү боюнча атайын шаардык уюштуруу комитети түзүлүп, ага 26 киши кирген. Анын курамында шаар жетекчилери, шаардагы мекеме-ишканалардын, аймактык башкаруулардын, окуу жайларынын, спорттук борборлордун, коомдук жана бейөкмөт уюмдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү бар.

Бекитилген иш-чараларга ылайык, шаардагы бардык окуу жайларында, жаштар уюмдарында, мекеме-ишканаларда жана эл көп чогулуучу коомдук жайларда ВИЧ\СПИД илдетине каршы жайылтуу жана түшүндүрүү иштери алып барылып, атайын семинарлар, талкуулар жана башка да коомдук иш-чаралар өткөрүлмөкчү.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында көп жылдардан бери жыл сайын ВИЧ\СПИД илдетине каршы бир айлык уюштурулуп, коомчулук арасында иш жургүзүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий