• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Спирт ичимдигин көп колдонгон адам ракка чалдыгабы? Изилдөөнүн жыйынтыгы

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Кеңири изилдөө көрсөткөндөй, 2020-жылы катталган 740 миң рактын учуру алкоголдук ичимдик менен түздөн-түз байланыштуу болгон. Бул дүйнө жүзү боюнча жыл сайын аныкталуучу онкологиялык оорулардын болжол менен төрт пайызын түзөт. Катталган учурдардын төрттөн үч бөлүгүн эркектер түзөт. Бул тууралуу The Lancet Oncology журналына жарыяланган макаланы РИА Новости сайты жазып чыкты.

Спирт ичимдиктери организмдеги зыяндуу химикаттардын пайда болушун көбөйтүп, ДНКнын бузулушуна алып келет. Ал ошондой эле рактын пайда болушуна өбөлгө түзүүчү гормондордун иштешине таасир тийгизет.

Жети өлкөнүн изилдөөчүлөрү 2010-жылы дүйнө жүзү боюнча спирт ичимдигин ичкен адамдардын маалыматтарын топтошкон. Аны 2020-жылы аныкталган рак ооруларынын саны менен салыштырып көрүшкөн. Окумуштуулардын баамында, он жыл спирт ичимдигинин рактын пайда болушуна таасир этүүчү убакыт.

Эксперттер рак ооруларынын эң көп саны ичимдиктин ашыкча колдонуу менен байланыштуу экендигин аныкташкан. Керек болсо ченеп ичкен ичимдиктер дагы 103 миңден ашык ооруга алып келген. Эң көп ооз көңдөй, кекиртек, кызыл өңгөч, жоон, ичке ичеги, боордун жана эмчек рагына алып келген.

Алкоголдук ичимдиктерди колдонгондор боюнча алдыда Чыгыш Азия, Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү турган.

Алкоголь менен рактын ортосундагы байланышты иликтеген адистер аталган көйгөйгө көбүрөөк көңүл бурууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий