• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Спирт ичимдиктерин аз өлчөмдө колдонуу да рак илдетинин өрчүү тобокелдигин жогорулатат

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Спирт ичимдиктерин аз өлчөмдө колдонуу да рак илдетинин өрчүү тобокелдигин жогорулатат. Мындай чечимге АКШ жана Япониянын окумуштуулары келгенин MedicalXpress басылмасы жазат.

Окумуштуулар 2005-2016-жылдар аралыгында Япониянын 33 ооруканасындагы 63,2 миң онкологиялык оорулар менен ооруган бейтаптарга, ошондой эле 63 миңдей дени сак ыктыярчыларга көзөмөл жүргүзгөн. Бардык катышуучулар бир күндө канча спирт ичимдигин жана канча убакыттан бери ичип жүрүшкөндүгүн айтып беришкен.

Изилдөөнүн жыйынтыгында алкоголдук ичимдиктерди ичпегендерге рак илдетине чалдыгуу көрсөткүчү аз болгон. Ал эми, ичимдиктерди аз өлчөмдө колдонгондордо илдетке чалдыгуу байкалаарлык жогору болгон.

Он жыл аралыгында күн сайын бирден бөтөлкө ичимдик ичүү же беш жыл ичинде күнүнө 2 бөтөлкөдөн спирт ичимдигин колдонуу түз ичеги, ашказан, төш, простата же кекиртек рагынын өрчүүсүн 5%га жогорулатат.

"Бүгүнкү күндөгү көйгөйдү эске алуу менен биз спирт ичимдиктери менен байланышкан рак илдетинин өрчүүсү тууралуу элдерди маалымдообуз кажет", - деп белгилейт Токио университетинин медицина илимдеринин доктору Масаеши Заицу.

Пикир

Оставить комментарий