• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Спорт агенттиги штаттык режимде иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасында түзүлгөн кырдаалга карабастан Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин борбордук аппараты жана түзүмдүк бөлүмдөрү штаттык режимде иштеп жатышат. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

"Кечээ, 6-октябрда, белгисиз кишилердин тобу Мамагенттиктин имаратын, атап айтсак, жетекчилердин кабинеттерин ээлеп алган. 7-октябрда белгисиздер ведомствону бошотушту. Мамагенттиктин жетекчилиги ведомствонун үзгүлтүксүз ишин жүргүзүүнү камсыздоо боюнча иш алып барып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий