• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Спорт агенттигинде Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. 23-сентябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Жаштар борборунда Мамлекеттик тил күнүнө арналган кыз-жигит «Сармерден» кечеси өттү. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу Мирлан Парханов, ведомствонун статс-катчысы Жылдыз Бопушева, директордун орун басары Канатбек Арпачиев жана агенттиктин бордордук аппаратынын кызматкерлери катышты.

Мирлан Парханов куттуктоо сөзүндө эне тилибиздин көркөмдүүлүгүнө токтолуп, кылымдарды карыткан, ата-бабабыздын мурасы, кыргызды кыргыз кылган эне тилибизде сүйлөп, жаш муундарга үлгү болууга чакырды.

«Эгемендүү элибиздин бар байылыгы – туулган жерибиз, эне тилибиз, тарыхыбыз жана каада-салттарыбыз. Бул байлыктарды – биздин өзгөчөлүктөрүбүздү унуткарбай сактап калуу үчүн мындай иш-чараларды өткөрүү чоң мааниге ээ. Улуу залкар Чыңгыз агабыздын каармандары кыргыз тилинде сүйлөп, Саякбай атабыздай айтылуу манасчылар кыргыз тилинде манас айтып жатса, эне тилибизди ардактап, баалай билүү – биздин милдет», – деди М. Парханов.

«Кыз бурак» аталышындагы кыздардын тобу «Жалын» аттуу мырзалардын тобу менен көркөм окуу, жаңылмач, табышмак, макал-лакап айтуу боюнча жарышка түшүштү.

Мындан тышкары, кече манас айтуу, шаңдуу ырлар менен коштолду. Калыстардын чечими менен «Кыз бурак» тобу алдыга чыгып, сыйлуу белектерге ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий