• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон буйрукка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкуловдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкандай, кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон буйрукка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбектин кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий