• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Спорт агенттигинин кызматкерлери үчүн коррупцияны алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 22-сентябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын жана карамагындагы мекемелердин кызматкерлери коррупцияны алдын алуу боюнча семинарга катышышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, семинарга коррупция менен күрөшүү жана аны иликтөө боюнча эл аралык көз карандысыз Transparency International уюмунун Кыргызстандагы филиалынын директору Айгүл Акматжанова жана уюмдун эксперти Адылбек Шаршенбаев чакырылган.

Белгилей кетсек, иш-чара мамагенттиктин 2020-жылга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларынын ведомстволук планын аткаруу, ошондой эле кызматчыларга коррупцияга каршы билим берүү жана коррупцияга каршы жүрүм-турумдарын пропагандалоо максатында уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий