• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Спорт баңгичиликке каршы. Ошто бир катар спорттук иш-чаралар өтөт

Коом 0

Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. Ошто футбол, көчө баскетболу жана волейбол боюнча мелдештер өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын (БККБ) эл аралык координатору Кун Маркверинг билдирди.

КРдеги БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, 26-июнда Бүткүл дүйнөлүк баңгичиликке каршы күрөшүү күнү белгиленет. Ага карата Кыргызстанда июнь айында кандай иш-чаралар өтө тургандыгы тууралуу Маркверинг маалымат берди.

Алсак, бул күндүн алкагында бир катар спорттук иш-чаралар болот:

-2018-жылдын 18-июнунда “Жашоого кошул” социалдык ролик старт алат;

-22-июнда Э.Гареев атындагы Ботаникалык багында жаштар үчүн “Жашоого кошул” ураанынын алдында “Cross country” чуркоо иш-чарасы өтөт;

-26-июнда баңгичиликти, психотроптук заттарды көзөмөлдөө боюнча Улуттук жөнгө салуу комитетинин жыйыны болот;

-27-июнда Ошто көчө баскетболу, волейбол жана футбол боюнча спорттук иш-чаралар өтөт.

Пикир

Оставить комментарий