• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Спорт боюнча агенттик коррупцияга каршы челлендж өткөрөт

Коом 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Коррупция менен күрөшүү эл аралык күнүнө карата социалдык тармактарда челлендж өткөрөт.

Агенттиктен билдиришкендей, билим берүү, саламаттык сактоо, экономика, спорт, ошондой эле башка тармактардын деңгээлин төмөндөтүп, жалпы коомдун өнүгүшүнө бөгөт койгон замандын эң терс көрүнүштөрүнүн бири коррупция менен ар бирибиз кагылышканбыз.

"Бүгүн, "Токто – биз коррупцияга каршыбыз" деп айта турган күн келди. Каалоочулардын баары челлендждин катышуучусу боло алат. Өзүңүздүн Facebook же/жана Instagram баракчаңызда #бизкоррупциягакаршыбыз #мыпротивкоррупции хештегдери менен сүрөт же видео жүктөп, коррупциянын кесепеттери жөнүндө айтып бериңиз. Челендж 10-декабрда аяктайт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, челлендж коомдо коррупциянын көрүнүштөрүнө терс мамилени калыптандыруу максатында өткөрүлүп жатат.

Маалымат үчүн: Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен жыл сайын 9-декабрда Коррупция менен күрөшүү эл аралык күнү белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий