• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Спорт боюнча агенттиктин коллегиясынын жыйыны дистанттык түрдө өттү

Спорт 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын жыйыны дистанттык түрдө өттү.

Мамагенттиктен билдиришкендей, жыйынга агенттиктин директору Канат Шабданбаев, статс-катчысы Жылдыз Бопушева жана ведомствонун директорунун орун басарлары Канатбек Арпачиев, Самат Токтоналиев жана коллегиянын башка мүчөлөрү катышты.

Күн тартибинде мамагенттиктин 2020-жылдын 9 айында аткарган иши тууралуу отчет, 2017-2020-жылдары Жаштар иштери, дене тарбия жан спорт боюнча аймактык органдарында, мамагенттиктин карамагындагы мекемелерде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен кабыл алынган чаралардын мониторинги боюнча маалымат жана мамагенттиктин аткаруу тартиби жөнүндө отчет каралды.

Мамагенттиктин коллегиясынын жыйынтыгы менен Спорттун олимпиадалык жана олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекцияларына пандемияны жана бюджеттин кыскарылышын эске алуу менен, алдыда боло турган эл аралык массалык спорттук иш-чараларды анализдеп жана Олимпиада, Паралимпиада оюндарынын лицензиялары жана медалдары жөнүндө жаңыртылган болжолдуу маалыматтарды даярдоо боюнча тапшырма берилди.

Мындан тышкары, дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү кызматкерлерди шыктандыруу, ошондой эле алардын тармактардын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн сыйлоо максатында, Мамагенттиктин коллегиясы төмөнкү ведомстволук сыйлыктарды уюштурууну токтом кылды:

- "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн" мамагенттиктин Ардак грамотасы;

- "Кыргыз Республикасында жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн" мамагенттиктин Ардак грамотасы;

- "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги" төш белгиси;

- "Кыргыз Республикасынын жаштар саясатынын отличниги" төш белгиси;

- "Кыргыз Республикасынын спортунун ардагери" төш белгиси.

Пикир

Оставить комментарий