Спорт боюнча мамагенттиктин директору Канат Аманкуловдун апасы дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкуловдун апасы Жибек Аманкулова дүйнөдөн кайтты.

Некролог ведомствонун сайтында жайгаштырылган.

Белгилү болгондой, ал бүгүн каза болгон.

Жибек Аманкулова 1942-жылы 22-июль күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында жарык дүйнөгө келген. “Канат Аманкуловдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Маркум үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары үчүн камкор эне, сүйүктүү жубай жана чыныгы дос болгон. Бул орду толгус жоготуунун кайгысы менен тең бөлүшөбүз”,- деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий