• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Спорт чөйрөсүндөгү мыйзамдар оптималдаштырылууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

2-окуудагы мыйзам долбоорун Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымынын орун басары Тазабек Икрамов алып чыкты.

Мыйзам долбоору дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарды оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоору менен аталган мыйзамдын 6-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралат. Ага ылайык спортчуларга спорттук жетишкендиктер үчүн стипендияларды төлөө тартибин аныктоо боюнча мамлекеттин милдеттемеси белгиленет. Бүгүнкү күндө болсо стипендияларды төлөө «КР алдыңкы спортсмендерине стипендиялар жөнүндө» КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык жүргүзүлөт.

Мындан сырткары, дене тарбия жана спорт мекемелеринде окуу-машыгуу иштерин жүргүзүүгө укугу бар адамдарды жөнгө салуу максатында долбоор менен 25-беренеге өзгөртүүлөрдү киргизүү каралат. Анда “КР спорт чебери” же “КР эл аралык класстагы спорт чебери”, “КР эмгек сиӊирген спорт чебери” спорттук наамдары бар адамдар квалификациясын жогорулатуунун кыска мөөнөттүү курстарынан өткөндөн кийин дене тарбия жана спорт мекемелеринде окуу-машыгуу сабактарын жүргүзүүгө укуктуу деп белгиленүүдө.

Талкууда спорт тармагын өнүктүрүүдө комплекстүү иш-чараларды көрүү зарылчылыгы айтылды. Эл аралык спорттук иш-чараларга легионерлердин ордуна татыктуу атамекендик спортчуларды тартуу менен улуттук спортту өнүктүрүү жагы сунушталды. Борбор калаадагы спорттук мектеп-интернат өңдүү окуу жайларды облустарга да ачуу зарылдыгы көтөрүлдү.

Жыйынтыгында тармактык комитеттин корутундусу менен мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий