• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Спорт мамагенттиги Салттуу спорт оюндары ассоциациясы менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду

Спорт 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-ноябрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Салттуу спорт, элдик оюндар жана маданият ассоциациясы менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду.

Мамагенттиктен билдиришкендей, меморандумга агенттиктин директору Канат Шабданбаев жана салттуу спорт оюндары ассоциациясынын президенти Алмазбек Касенов кол койду.

Меморандумга ылайык, мамагенттик менен ассоциациянын казматташуусу төмөнкү багыттарда жүргүзүлөт:

1) Кыргыз Республикасында спорттун салттуу түрлөрүнүн жана элдик оюндарынын саясатын жана аларды өнүктүрүүнүн башкы багыттарын аныктоо;

2) машыктыруучуларды жана калыстарды окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу;

3) эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын спорттун улуттук түрлөрүн илгерлетүү;

4) спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар үчүн инвестицияларды тартуу, инфраструктураны колдонуу сапатын жогорулатуу;

5) калктын басымдуу бөлүгүн дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга чакыруу жана башка багыттар.

Пикир

Оставить комментарий