• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Спорттук журналисттердин арасында мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 16-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында 30-июндан 3-июлга чейин спорт темасын чагылдырган журналисттердин арасында мелдеш өтөт. Бул туурасында Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, журналисттер, спорт темасында жазган жана камерага тарткан журналисттер сууда сүзүү, армрестлинг жана аркан тартыш боюнча мелдешишет. Ошондой эле, салтка айланган футбол турнири өтөт. Жеңүүчүлөргө медаль, диплом жана белектер ыйгарылат. Иш чараны Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий