• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Спортчу Александр Петровдун кызын сабап кетишти. Гиря көтөрүү марафону өтпөй турган болду

Спорт 0

Бишкек, 17.12.18./Кабар/. 15-декабрь күнү кечинде Бишкекте спортчу Александр Петровдун кызын белгисиз бирөө сабап кеткен. Мындан улам ал гиря көтөрүү боюнча марафонду өткөрбөй турган болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган спорт түрүнүн федерациясынын башкы катчысы Шамиль Яргаев кабарлады.

“Анын кызы гүлдөр дүкөнүндө иштечү. Түндө бирөө келип, аны уруп кетиптир. Ал азыр оор абалда жатат. Александр Петров ооруканадан ооруканаларга чуркап жүрөт. Оюнун баары кызында болууда. Милицияга арыз жазышып, ур-токмоктун издери жазылып алынды”, - деди ал.

Бишкек милициясынан бул маалыматты тастыкташып, аталган факты Биринчи май райондук ИИБде каттоого алынгандыгын кошумчалашты. Окуя 15-декабрда болжол менен саат 22:00дө болгон. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 22-декабрда 60 жаштагы спорт ардагери салмагы 16 килограмм болгон чоюн ташты 2618 ирет көтөрмөкчү болгон. Жыл башында А.Петров 16 кг салмактагы чоюн ташты 2018 ирет (32 тоннадан ашык) көтөргөн эле.

Пикир

Оставить комментарий